
Жарыяланган
2026-16-07, 12:582026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 5.5% кымбаттады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери:
• азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5.4%га;
• алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7.2%га;
• азык-түлүк эмес товарлар 3.3%га;
• кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 8.3%га өстү.
Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Эң чоң кымбаттоо Ош облусунда катталып, ал жакта баалар 12.5%га жогорулаган.
Ош облусунда өзгөчө алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы 17.3%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.8%га, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 21.8%га кымбаттаган.
Ал эми азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда катталып, 8.9%га жогорулаган.


