
Жарыяланган
2026-15-01, 11:44“Хорека” ассоциациясы тейлөө үчүн алынган пайыз жоюлгандан кийин кафе жана ресторандардагы баалардын өсүшү тармактагы жалпы чыгымдардын көбөйүшү менен дал келгенин билдирди.
Аталган ассоциациясынын басма сөз кызматы белгилегендей, акыркы мезгилде азык-түлүктүн, ижаранын, коммуналдык кызматтардын, логистиканын жана эмгек акы фондунун баалары олуттуу түрдө өстү.
«Мурда тейлөө үчүн алынган пайыз бул чыгымдардын бир бөлүгүн жарым-жартылай жаап, кызматкерлердин кирешесин түзүүгө жардам берчү. Ал жоюлгандан кийин чыгымдар жок болуп кеткен жок. Тейлөөнү тамак-аштын баасына кошуу — бул тейлөөнүн сапатын сактоо жана мекемелердин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн аргасыз кабыл алынган чечим», — деп айтылат маалыматта.
Ассоциацияда муну кескин кымбаттоо эмес, бааларды чыныгы өздүк наркка ылайык келтирүү деп белгилешти. Мындай ыкма бизнеске кызматкерлер, коноктор жана мамлекет алдындагы милдеттенмелерин аткарууга, ошондой эле баа коюудагы ачык-айкындуулукту сактоого мүмкүндүк берет.

