Akchabarsearch
Бекешев: Ишембиликтер формалдуулукка айланды

Жарыяланган

2026-18-03, 10:50

Бекешев: Ишембиликтер формалдуулукка айланды

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев ишембиликтерди өткөрүүнү токтотууну сунуштады.

Ал президенттик администрация бул маселени карап чыгышы керектигин билдирди.

"Ишембиликтин кереги барбы? Лениндин идеясы жакшы, бирок азыркы шартта аны ишке ашыруу мүмкүн болбой жатат. Ишембиликтер формалдуу отчётко айланды. Бак-дарактарды тигип, сүрөткө түшүп, отчёт жазып кетип калышат. Бак-дарактар өстүбү же жокпу — алар үчүн маанилүү эмес.

Баарынан да жаманы — мугалимдерди ишембиликке чыгууга мажбурлап жатышат. Бул практиканы токтотуу керек. Таштандыны таштагандар өздөрү тазалашы керек, ошолорду иштетели. Эмнеге алардын артынан тартиптүү адамдар акысыз тазалашы керек? Буга жол бербешибиз керек.

Эгер ишембиликтен натыйжа болгондо, Кыргызстан жашыл өлкөгө айланмак", — деди Бекешев.


Тектеш материалды окуу