Akchabarsearch
Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Жарыяланган

2026-02-02, 09:00

Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Касымалиев саммитке катышкандан тышкары БАЭнин, министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюлары пландалууда. 

Саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу иш-чара өткөрүлөт. 


Тектеш материалды окуу