Akchabarsearch
2030-жылга чейин өлкөдө 385 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда

Жарыяланган

2025-16-12, 12:30

2030-жылга чейин өлкөдө 385 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда

2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүү максатталып, өлкөдө 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү иштерди жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Анын ичинен Чүйдө 7 соода-логистикалык борборду жана 78 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландаштырылган. 

“Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык иштеп, айыл чарба продукциясын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн арттырууга багытталат. Аларда буудай, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, сүт, эт, жүн кайра иштетилип, ошондой эле май жана тоют өндүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта. 


Тектеш материалды окуу