Akchabarsearch
Өзгөн районунда 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулат

Жарыяланган

2025-28-05, 14:20

Өзгөн районунда 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун барасы –айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Өзгөн районунун Большевик айылында мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды. Блу тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Министрлик белгилегендей, “Большевик багбандар биримдиги” тарабынан салынып жаткан соода-логистикалык борбору жергиликтүү багбандардын түшүмүн сактап, экспортко чыгарууга өбөлгө түзөт. 

Кампа 600 тонна мөмө-жемишти сактоого эсептелген. Аны курууга 35 млн сом жумшалат. Бул каражат насыя катары Дүйнөлүк банктан "Арис" долбоору аркылуу 2% менен 7 жылга алынды.


Тектеш материалды окуу