Жарыяланган
2025-16-07, 12:59Мамлекеттик финансы көзөмөлү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК тарабынан КРнын Эсеп палатасынын инспектору тарабынан акча талап кылуу фактысы боюнча маалымат жеткирилген.
Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Эсеп палатасынын башкы инспектору А.И.К. чет өлкөлөрдөгү кээ бир мекемелердин ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү үчүн кызматтык иш сапарда жүргөн учурда, «каржы бузуулар аныкталды» деген шылтоо менен КРнын чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынан акча талап кылганы аныкталган.
Бул факты боюнча УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө пара талап кылуу фактысы далилденип, процесстик тартипте каттоого алынган.
2025-жылдын 15-июлунда, Кыргызстанга кайтып келгенде, «Манас» эл аралык аэропортунун чек ара көзөмөл зонасында А.И.К. кармалып, жеке текшерүүнүн жүрүшүндө пара катары алынган акча каражаттары табылган.
А.И.К. УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилери менен болгон жыйында аймактарда иш алып барган Эсеп палатасынын айрым кызматкерлери кармаларын билдирген эле.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.