Akchabarsearch
Мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүнүн импорту азая баштады

Жарыяланган

2025-29-07, 09:27

Мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүнүн импорту азая баштады

Мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүнүн импорту азая баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жылына отургузганга 23 млн мөмө-жемиш көчөтү керек болот. Былтыр өлкөдөгү көчөт өстүргөн ишкерлер жазында тиккенге 12 млн 152.6 көчөт даярдаган. Анын аркасы менен көчөттүн импорту азайган. 

 Алсак, 2024-жылы жети айда өлкөгө 20 млн 13.9 көчөт алынып келинсе, быйыл жети айда импорттун көлөмү дээрлик эки эсеге азайган: 11 млн 50.3 миң даана. 

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда үрөнчүлүк чарба статусун алган 22 көчөткана расмий түрдө иштеп жатат. Алар мөмө-жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу менен алектенишет.

2024-жылдын алты айында импорттолгон көчөттөр:

  • гүл көчөттөрү — 9 787 508 даана,
  • жемиш көчөттөрү — 3 545 195 даана,
  • мөмө көчөттөрү — 6 241 664 даана,
  • декоративдик көчөттөр — 439 502 даана.

2025-жылдын алты айында импорттолгон көчөттөр:

  • гүл көчөттөрү — 6 375 947 даана,
  • жемиш көчөттөрү — 3 029 851 даана,
  • мөмө көчөттөрү — 1 357 373 даана,
  • декоративдик көчөттөр — 287 130 даана. 

Тектеш материалды окуу