
Жарыяланган
2026-02-11, 15:432026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине 1 млрд 270.8 млн сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү.
2025-жылдын январь-сентябрь айларына караганда быйылкысында өлкө казынасына дээрлик 496 млн сомго көбүрөөк "Google’га салык" түштү.
Былтыр тогуз айда 775 млн сом салык төлөнгөн.
Эскерте кетсек, "Google’га салык" Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген.



