
Жарыяланган
2026-02-11, 17:43Бүгүн, 2-ноябрда Талас шаарында “Талас-Арена” борбордук стадионунун салтанаттуу ачылышы өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Ачылышта сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров өлкөдө спортту өнүктүрүүгө, заманбап спорттук объекттерди курууга жана жаштардын чоң турмушка ишенимдүү кадам таштап, жаркын келечегин куруусуна шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
“Бүгүнкү стадион ушул багыттагы иштердин дагы бир натыйжасы! Заманбап “Талас-Арена” стадионун расмий түрдө пайдаланууга берүү менен облустун спорттук жашоосунун жаңы барагын ачып жатабыз”, - деди ал.
Садыр Жапаров билдиргендей, 5 миңден ашык көрүүчүнү батырган “Талас-Арена” стадионунун негизги футбол талаасы эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, автоматтык сугаруу системасы бар гибриддик газон менен төшөлгөн.
Андан тышкары, бул жерде эки машыгуу талаасы, үч кичи футбол аянтчасы, заманбап жарыктандыруу системасы жана мелдештерди өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

“Бул жерде спортчулардын машыгууларынан сырткары, расмий мелдештерди, эл аралык оюндарды жана башка ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө да болот. Бирок стадиондун баалуулугу анын көлөмү, же заманбап жабдуулары менен гана өлчөнбөйт. Стадиондун чыныгы баалуулугу бул жерде канча бала футбол ойногону, алардын арасынан канча жаш талант суурулуп чыгып, чоң жеңиштерге карай аттанганы менен аныкталат. Ошондуктан жаңы стадиондун эшиги балдарга, өспүрүмдөргө, жаш футболчуларга жана жалпы эле спортту сүйгөн элге дайыма ачык болууга тийиш!”, - деди ал.
Жапаров спортту өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо менен катар жеке демилгелер, демөөрчүлөр жана коомчулуктун катышуусу маанилүү роль ойной турганын айтты.
“Эми алдыда турган негизги милдет – “Талас-Арена” стадионун натыйжалуу башкаруу жана анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу. Мындан ары аталган футболдук клуб стадионду кадырлап, кастарлап пайдаланышы зарыл. Мамлекет куруп берген мындай заманбап объект жөн гана имарат бойдон калып калбасын. Таланттар тарбияланып чыга турган, спорттук ийгиликтерди жарата турган борборго айланышы керек! Менин эң башкы тилегим ушул”, - деди Жапаров.



