Akchabarsearch
"Google’га салыктан" Кыргызстандын бюджетине 648.5 млн сом түштү

Жарыяланган

2026-26-06, 13:17

"Google’га салыктан" Кыргызстандын бюджетине 648.5 млн сом түштү

Быйыл 5 айда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине 648.5 млн сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү.  

Былтыр январь-май айларында "Google’га салык" катары бюджетке 504.2 млн сом төлөнгөн. 2025-жылдын беш айына салыштырмалуу быйылкысында 144.2 млн сомго көбүрөөк салык түшкөн. 

Эскерте кетсек, "Google’га салык" Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Ал Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча тапкан чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.


Тектеш материалды окуу