Akchabarsearch
Иштеген пенсионерлердин пенсиясы жылына эки жолу көтөрүлүп турат

Жарыяланган

2026-26-06, 14:15

Иштеген пенсионерлердин пенсиясы жылына эки жолу көтөрүлүп турат

Иштеген пенсионерлердин пенсиясы жылына эки жолу көтөрүлүп турат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурзат Жакиева билдирди.

Анын айтымында, бир жаран пенсияга чыккандан кийин эс алып, иштебей калса, айрымдар иштей берет. 

Пенсионер иштеп жаткандыктан анын айлыгынан ай сайын Соцфондго 8%дан кармалып турат. Иштеп, Соцфондго акча которуп тургандыктан алардын пенсиясы жылына бир жолу кайра эсептелип, көбөйтүлөт. Кайра эсептөө май айына карата жүргүзүлүп, көбөйтүлгөн пенсиясы ошол айдан тарта бериле баштайт. 

Ал эми иштебеген пенсионерлердин пенсиясы жылына бир жолу гана, күзүндө көтөрүлөт. Ошондо иштеп жаткан пенсионердин пенсиясы Соцфондго акча чегерип жатканы үчүн май айында жана башка пенсионерлердики менен бирге октябрь айында көтөрүлөт.

Ага кошо иштеген пенсионер Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткандыктан, анын эсебиндеги акча да улам көбөйүп турат. Мунун эсебинен да күзүндө аларга көбүрөөк пенсия кошулат. 


Тектеш материалды окуу