Akchabarsearch
Таластагы борбордук сейил бак жаңыланды

Жарыяланган

2026-26-06, 15:41

Таластагы борбордук сейил бак жаңыланды

Талас шаарындагы борбордук сейил бак толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Жаңыланган сейил бактын жалпы аянты 1.5 гектарды түзөт. Анын аймагында 8 аттракцион, оргума, балдар жана үй-бүлөлөр үчүн эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай салынып, жарыктандыруу орнотулган. 

Оңдоп-түзөө иштери өлкө бюджетинин эсебинен жасалып, жумушту министрликтин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарган. 

Министрликтин маалыматы боюнча, Таластагы борбордук парктын аттракциондору 2008-жылдан бери пайдаланууга жараксыз абалда болуп келген. Жаңыланган сейил бак 27-июнда иштей баштайт. 


Тектеш материалды окуу