Akchabarsearch
ЕАӨБ менен AAOIFI Борбор Азияда исламдык каржылоону өнүктүрөт

Жарыяланган

2026-26-06, 15:54

ЕАӨБ менен AAOIFI Борбор Азияда исламдык каржылоону өнүктүрөт

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) менен Ислам каржы институттарынын бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюму (AAOIFI) кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. 

Бул кызматташуу Борбор Азияда исламдык каржылоону өнүктүрүп, аймакка көбүрөөк инвестиция тартууга багытталган.

Меморандумга ылайык, тараптар исламдык каржылоо боюнча жаңы пордукттарды иштеп чыгат, адистердин квалификациясын жогорулатат жана тармактын стандарттарын өнүктүрөт. Ошондой эле ЕАӨБ AAOIFIнин Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү болот.

Документке Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов жана AAOIFIнин Камкорчулар кеңешинин төрагасы шейх Ибрагим бин Халифа Аль Халифа кол коюшту. 

AAOIFI — исламдык каржылоо боюнча эл аралык уюм. Ал бул тармак үчүн жалпы эрежелерди жана стандарттарды иштеп чыгат.

Бүгүнкү күндө уюм 117 стандарт менен техникалык документ кабыл алган. Ошондой эле исламдык каржылоо тармагындагы адистерге сертификат берет. 


Тектеш материалды окуу