
Жарыяланган
2026-27-05, 15:58Быйыл төрт айда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине 647.9 млн сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү.
2025-жылы январь-апрель айларында "Google’га салык" казынага 514.4 млн сом түшкөн. Былтыркы төрт айга салыштырмалуу быйылкысында 133.5 млн сомго көбүрөөк салык алынган.
Эскерте кетсек, "Google’га салык" Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Ал Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча тапкан чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.



