Akchabarsearch
    Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай курууга 24,5 млрд сом сарптаган

    Жарыяланган

    2024-21-11, 14:55

    Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай курууга 24,5 млрд сом сарптаган

    Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек  Жеембаев компаниянын жалпы инвестициялык портфели 32 млрд сомду (уставдык капиталы да) түзөрүн билдирди.

    Анын айтымында, анын 7,5 миллиард сому 2016-2021-жылдар аралыгында ишке ашырылган программанын алкагында мурда берилген кредиттерде топтолгон.

    "Калган 24,5 миллиард сом курулушка жумшалды", - деп белгиледи Жеембаев.

    Ал компаниянын азыркы стратегиясы жарандар үчүн жеткиликтүү турак жайларды түзүүгө жана кыймылсыз мүлк рыногунда туруктуулукту сактоого багытталганын баса белгиледи.


    Тектеш материалды окуу