Akchabarsearch
Ошто МИК 815 батирлүү үйдүн курулушун баштады
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-20-07, 13:26

Ошто МИК 815 батирлүү үйдүн курулушун баштады

Ош шаарында 815 батирге ылайыкталган жаңы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Жаңы үй Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе курулуп, 6 кабаттан турган 19 блокту камтыйт. Долбоорду Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда.

Маалыматка ылайык, үйдө 246 бир бөлмөлүү, 494 эки бөлмөлүү жана 75 үч бөлмөлүү батир болот. Ошондой эле имараттын биринчи кабатында коммерциялык жайлар, бала бакча жана унаа токтотуучу жай каралган.

Мэриянын маалыматы боюнча, долбоор шаар тургундарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга жана ипотекалык курулушту өнүктүрүүгө багытталган.
 


Тектеш материалды окуу