
Жарыяланган
2026-26-08, 15:332025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) таза кирешеси 1 млрд 788.4 млн сомду түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1 млрд 473.9 млн сомго көп. Башкача айтканда, компаниянын кирешеси дээрлик 5.7 эсеге өскөн.
2024-жылы МИК 314.5 млн сом таза киреше алган. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.
Кирешенин көбөйүшүнө кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн каражат да таасир эткен. Бул киреше 159.7 млн сомдон 1 млрд 657.9 млн сомго чейин көбөйгөн. Башкача айтканда, 10 эседен ашык өскөн.
Ошондой эле пайыздардан түшкөн киреше да көбөйгөн. 2024-жылы бул көрсөткүч 398.6 млн сом болсо, 2025-жылы 1 млрд 379.2 млн сомго жеткен. Бул дээрлик 3.5 эсеге көп.
Салык төлөгөнгө чейинки киреше 2025-жылы 2.1 млрд сомго жакындаган. 2024-жылы ал 348.1 млн сом болгон.
Компаниянын чыгымдары да көбөйгөн. Кызматкерлерге кеткен чыгымдар 2.4 эсеге өсүп, 449.8 млн сомду түзгөн. Башка чыгымдар үч эсеге көбөйүп, 65.6 млн сомго жеткен.
Ал эми киреше салыгына компания 283.4 млн сом төлөгөн. Бул 2024-жылга караганда 8 эседен көп.



