Akchabarsearch
Жумгалда ипотекалык үйлөр курулат

Жарыяланган

2026-23-07, 14:02

Жумгалда ипотекалык үйлөр курулат

Жумгалда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө берилген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө.

Бүгүн президенттин өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районуна барып, ипотекалык турак жай куруу пландалып жаткан аймак менен таанышты.

Долбоордун алкагында Жумгал районунун борбору Чаек айылынан жалпы аянты 1 гектар 80 сотых жер тилкеси бөлүндү.

Белгиленгендей, аталган иштер облус аймагында калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун алкагында ишке ашырылууда.
 


Тектеш материалды окуу