
Жарыяланган
2026-30-03, 09:22China Southern Airlines авиакомпаниясы Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча алгачкы рейсин аткарды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропортторунун” басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаңы каттам «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы менен кытайлык өнөктөштөрдүн натыйжалуу кызматташтыгынын негизинде ишке ашты. Каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Алгачкы рейс менен «Манас» аэропортуна 134 жүргүнчү келип, кайра 104 жүргүнчү учуп кеткен.
Аталган каттам жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну өнүктүрүүгө шарт түзүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө болот.
Мындан тышкары, бул өлкөнүн эл аралык авиациялык байланыштарын кеңейтүүдөгү маанилүү кадам катары бааланууда.
Белгилей кетсек, China Southern Airlines буга чейин Бишкек – Бээжин багыты боюнча жумасына алты жолу каттам аткарып келет

