Akchabarsearch
Жалал-Абаддагы жаңы аэропорт 2027-жылы пайдаланууга берилет
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-11-06, 12:34

Жалал-Абаддагы жаңы аэропорт 2027-жылы пайдаланууга берилет

Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан жаңы аэропорт 2027-жылы толук пайдаланууга берилет. Учурда терминалдын курулушу жана учуп-конуу тилкесин асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев стратегиялык объектилердин курулушу менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Ошондой эле Жалал-Абадда 400 орундуу Президенттик “Акылман” лицейинин курулушу жогорку темпте уланууда. Билим берүү комплекси 2026-жылдын жай айларында бүткөрүлүп, жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алат. Лицейде спорт зал, бассейн, жатакана жана мугалимдер үчүн кызматтык батирлер каралган.

Мындан сырткары, жүрөк-кан тамыр ооруларына адистешкен хирургиялык оорукананын курулушу 60 пайызга аяктады. Жалпы баасы 3 млрд сомду түзгөн медициналык мекеме 2027-жылы пайдаланууга берилет.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштерине тоскоол болгон көйгөйлөр жок. Каржылоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жумушчулардын айлык акысы өз убагында төлөнүүдө.

 


Тектеш материалды окуу