Akchabarsearch
ID-паспорт, чет элдик паспорт алуу үчүн баалар өзгөрдү

Жарыяланган

2026-09-03, 17:09

ID-паспорт, чет элдик паспорт алуу үчүн баалар өзгөрдү

2026-жылдан тартып Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүн-өзү каржылоого өттү. Буга байланыштуу документтерди даярдоо, жарандык абал актыларын каттоо жана паспорттук кызматтар үчүн жаңы баалар белгиленди. 

Жаңы тариф боюнча негизги күбөлүктөрдүн баасы төмөнкүдөй белгиленди: туулгандыгы тууралуу күбөлүк — 45 сом, нике тууралуу күбөлүк — 105 сом, өлүм же никени бузуу тууралуу күбөлүк — 58 сом, ал эми аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүк — 24 сом болуп бекитилди.

Никени салтанаттуу каттоону каалагандар үчүн да өзүнчө баалар аныкталды. Көчмө каттоо 4 миң 470 сом, Калкты тейлөө борборунда каттоо 1 миң 326 сом, ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы нике сарайларында каттоо 2 миң 513 сом деп белгиленди.

Күбөлүктү кайталап алуу 513 сом (кошумча 110 сом мамлекеттик алым менен) болуп аныкталды. Документтердеги маалыматтарды шашылыш оңдоо үчүн төлөм 1 миң 627 сом деп бекитилди.

ID-паспорт боюнча баалар төмөнкүдөй аныкталды: биринчи жолу алуу 1 миң 103 сом, алмаштыруу же жумушсуз жарандар үчүн 1 миң 868 сом, ал эми документ жоголгон учурда 2 миң 68 сом деп белгиленди.

Чет элдик паспорт  (34 барак, кадимки мөөнөттө) үчүн да жаңы тарифтер бекитилди: биринчи жолу алуу же алмаштыруу 2 миң 981 сом, аты-жөнүн өзгөрткөндө 3 миң 81 сом, жоготкон учурда 3 миң 181 сом деп аныкталды.

Документтерди шашылыш түрдө «3 саат» тарифи боюнча ID-паспортту биринчи жолу алуу 8 миң 177 сом, ал эми чет өлкөлүк паспортту шашылыш жасатуу 10 миң 363 сом деп белгиленди.

 


Тектеш материалды окуу