
Жарыяланган
2026-29-01, 17:5716 жашка толо элек жарандары үчүн жалпы жарандык паспортко документ тапшыруу тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Мындан ары паспортту тариздөөдө жашаган жери боюнча каттоонун болушу талап кылынбайт.
Документ тапшырууда ата-энесинин биринин катышуусу мүмкүн болбосо, нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн макулдук «Электрондук нотариат» маалыматтык системасында жеткиликтүү болот. Арыз берүүчүдө уникалдуу код болгон шартта кызматкерлер аталган макулдук тууралуу маалыматты автоматтык түрдө ала алышат.
Кыргызстандын аймагында таризделген бардык ишеним каттар Калкты тейлөө борборлорунун автоматташтырылган маалыматтык системалары менен интеграцияланган.
Ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоодон чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралды.
