Akchabarsearch
Бишкекте жарандарды Россияга мыйзамсыз ишке жөнөтүү аракети токтотулду

Жарыяланган

2026-24-03, 10:56

Бишкекте жарандарды Россияга мыйзамсыз ишке жөнөтүү аракети токтотулду

Бишкек шаарында Кыргызстандын жарандарын Россияга мыйзамсыз ишке жөнөтүү аракети аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун кызматкерлери Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында мыйзамсыз ишмердүүлүккө бөгөт коюлган.

Такталгандай, борборго түшкөн маалыматтардын негизинде Бишкек шаарынын Кадырбай-Ата көчөсү 1 дарегинде жарандарды Россияга ишке орноштурууга багытталган мыйзамсыз иш-чара уюштурулганы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө уюштуруучуларда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча тиешелүү расмий уруксат жок экени белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине («Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк») ылайык административдик протокол түзүлдү.

Борбор чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн милдеттүү түрдө расмий уруксатка ээ болууга чакырат.

Ошондой эле жарандарга чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин мыйзамдуулугун алдын ала текшерүү сунушталат. Агенттиктер тууралуу маалыматты борбордун расмий сайты аркылуу тактоого болот.


Тектеш материалды окуу