Akchabarsearch
«Түндүк» аркылуу 174 миңге жакын жаран насыя алууга өзүнө тыюу салды

Жарыяланган

2026-06-02, 15:14

«Түндүк» аркылуу 174 миңге жакын жаран насыя алууга өзүнө тыюу салды

«Түндүк» аркылуу 173 904 адам жаран насыя алууга өзүнө тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 1-ноябрдан 6-февралга чейинки мезгил аралыгындагы көрсөткүч. 

Былтыркы жылдын 1-ноябрь айынан тарта “Түндүк” тиркемеси аркылуу жарандар өзүнө насыя алууга тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Бул жарандарды финансылык алдамчылыктан коргоого багытталган.


Тектеш материалды окуу