
Жарыяланган
2026-25-11, 10:022026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жалпы кирешеси 28 млрд 30.7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Иш башкармалыктан билдиришти.
Маалым болгондой, Иш башкармалыкка караштуу мекемелердин жалпы кирешеси тогуз айда 23 млрд 785.9 млн сом болот деп план коюлган. Бирок план 17.8%га же 4 млрд сом 244.7 млн сомго ашык аткарылган.
2025-жылдын тогуз айында жалпы киреше 21 млрд 582.6 млн сомду түзгөн. Былтыркы тогуз айга караганда быйылкысында түшкөн киреше 6 млрд 448.1 млн сомго көп болгон.



