Akchabarsearch
Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Жарыяланган

2026-24-11, 18:06

Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Россияга болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, айрыкча энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташууну талкуулаган.

Амангелдиев кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген. Ошондой эле, ал кыргыз тараптын белгиленген демилгелерди жүзөгө ашыруу үчүн активдүү, биргелешкен иш-аракеттерге даяр экенин белгилеген.

Өз кезегинде Александр Новак биргелешкен демилгелерди алга жылдырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандырууну макулдашкан.


Тектеш материалды окуу