
Жарыяланган
2026-24-11, 13:14Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов 100 миң сомдон ашык айлык ала турганын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ошондой эле Салык кызматынын башчысына айлыгынан тышкары "президенттин фондунан акча алабы?" деген суроо узатылды. Белгилей кетсек, буга чейин президент министрлик, мекемелердин жетекчилери коррупцияга аралашпасын деп аларга өз фондунан кошумча акча берип турарын билдирген.
Шыкмаматов президенттин фондунан берилген акчаны аларын ырастап, бирок анын суммасын атаган жок.



