
Жарыяланган
2026-24-11, 10:21Салык кызматы 2026-жылдын январь-октябрь айларында 338 млрд 222 млн сом салык жана төлөм чогулутту. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, быйыл он айда Салык кызматы 325 млрд 836 млн салык жана төлөм жыйнайт деп божомолдонгон.
Бирок план 12 млрд 386 млн сомго ашык аткарылган.
Шыкмаматов алдына коюлган көрсөткүчтөрдү аткара албаган аймактык башкармалыктар бар экенин белгиледи.



