Akchabarsearch
Насыя алгандардын саны үч эсе өстү

Жарыяланган

2026-23-11, 17:53

Насыя алгандардын саны үч эсе өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында микрокредиттик компаниялар тарабынан 76 млрд сомдон ашык акчага насыя берилген. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.

Насыя алгандардын саны 2 миллиондон ашкан. Былтыркы тогуз айга караганда быйылкысында 20.7%га же 15.7 млрд сомго көп насыя берилип, насыя алгандардын саны 3 эсе өскөн.

Статистика комитети кыска убакытка онлайн насыя берүү өнүккөндүктөн чакан насыя алгандардын саны көбөйдү дейт.

Насыялардын көбүн же 61%ын жарандар кем-карчы, тиричилик үчүн алган.

Дагы насыянын 15%ын жарандар айыл чарба тармагындагы ишин, 13%ын соода жана тамактануу тармагындагы ишин өстүрүү үчүн алган.

Насыя алгандардын дээрлик жарымы Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жашагандар болгон. 

Насыяга берилген акчанын көбүн Бишкек шаарында (дээрлик 33%ы), Ош (15%), Жалал-Абад (дээрлик 13%) жана Чүй (12.5%) облустарында жашагандар алган. 


Тектеш материалды окуу