Akchabarsearch
Асыл тукум мал сатып алууга 3% менен насыя берүү үчүн кошумча 271 млн сом бөлүндү

Жарыяланган

2026-23-11, 14:21

Асыл тукум мал сатып алууга 3% менен насыя берүү үчүн кошумча 271 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда асыл тукум мал сатып алууга 3% менен жыл аягына насыя берүү үчүн өкмөт тарабынан кошумча 271 млн сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бул насыя фермерлерге «АБанк» ААК жана «Элдик Банк» ААК аркылуу берилет. Насыяны алуу үчүн IDYIKAN тиркемеси аркылуу онлайн өтүнмө берүүгө болот.  

Ал үчүн тиркемени жүктөп, "Түндүк" аркылуу Кызматтар бөлүмүндө Агрокредиттөө бөлүмүндө тиешелүү насыя багытын тандап, электрондук арызды толтуруп, жөнөтүү керек.

Жеңилдетилген насыя кайсы породадагы малды сатып алууга берилет:

— Бодо мал: ала тоо, абердин-ангус, аулиеата, голштин, симментал, айршир, герефорд, күрөң швиц жана галловей породалары;

— Топоз: айкөл, кыргыз (жергиликтүү) породалары жана ак топоздор;

— Жылкы: кыргыз, жаңы кыргыз, таза кандуу мингич жана орус желдирме породалары;

— Кой: алай, арашан, ала-тоо, айкөл, кыргыз уяң жүндүү, кыргыз тоо мериносу жана Тянь-Шань породалары;

— Эчки: тыбытка багытталган кыргыз эчкиси, жүндүү кыргыз эчкиси, альп, заанен, нубия, бур, камори жана битал породалары.

Насыяны асыл тукум заводдор жана фермалар, асыл тукум малды импорттоочулар, техник-осеменаторлор, асыл тукум мал өстүрүү менен алектенген дыйкан (фермердик) чарбалар жана жеке ишкерлер ала алат.

Кошумча маалымат алуу үчүн аталган банктарга кайрылуу керек.


Тектеш материалды окуу