
Жарыяланган
2026-23-11, 12:23Бишкекте 2020-жылдан бери батирлердин баасы райондорго жараша 91–96%га өстү. Бул тууралуу OSK Property Forum форумунда айтылды.
Жер ресурстары, кадастр жана геодезия боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, 2026-жылдын он айында борбор калаада 11 миң 419 батирди сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13.7%га көп.
Эң көп бүтүм Октябрь районунда катталып, 4 миң 389ду түзгөн. Андан кийинки орундарда Ленин (3 миң 96), Свердлов (1 миң 972) жана Биринчи май (1 миң 962) райондору турат.
Ошондой эле акыркы алты жылда Бишкектин бардык райондорунда батирлердин баасы кыйла жогорулаган. Октябрь районунда бир чарчы метрдин орточо баасы 2020-жылдагы 773 доллардан 1 миң 517 долларга жеткен. Свердлов районунда 747 доллардан 1 миң 445 долларга, Ленин районунда 745 доллардан 1 миң 443 долларга, ал эми Биринчи май районунда 740 доллардан 1 миң 413 долларга өскөн.
Мындан тышкары, жаңы курулуп жаткан үйлөргө суроо-талап көбөйгөн. 2026-жылдын январь-октябрында Бишкекте үлүштүк курулуш боюнча 10 миң 62 келишим катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45%га көп.
Ал эми даяр турак жайларды сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 20 миң 333кө жетип, бир жылда 4.7%га өскөн.



