
Жарыяланган
2026-23-11, 11:41Кыргызстанда батир сатып алуучулардын жарыялардагы жалган бааларга байланыштуу даттануулары көбөйдү. Бул тууралуу OSK Property Forum форумунда lalafo компаниясынын Кыргызстандагы жетекчиси Дарья Суходолова билдирди.
Анын айтымында, айрым сатуучулар кардарларды тартуу үчүн батирдин баасын атайылап төмөн көрсөтүшөт. Бирок сатып алуучу байланышканда батирдин баасы жарыяда көрсөтүлгөндөн жогору болуп чыгат.
Мындан тышкары, сатып алуучулар сатылып кеткен батирлердин дагы деле жарнамаланып жатканына, кыймылсыз мүлк агенттиктеринин кошумча комиссияларына жана алдын ала төлөм талап кылган учурларга нааразы болушууда.
Суходолованын айтымында, батир түздөн-түз ээси тарабынан сатылары көрсөтүлгөн жарыяларга башка жарыяларга салыштырмалуу эки эседен көп кайрылуу түшөт.
Ошол эле учурда ал кыймылсыз мүлк агенттиктерин өздөрүн батирдин ээси катары көрсөтпөөгө чакырды. Анткени мындай аракеттер сатып алуучулардын ишенимин азайтып, нааразычылыктарды жаратат.
Ал батирдин чыныгы баасын көрсөтүү, жарыядагы маалыматты жаңыртып туруу жана кардарлардын суроолоруна тез жооп берүү турак жайды тезирээк сатууга жардам берерин белгиледи.



