
Жарыяланган
2026-24-11, 15:16Улуттук банктын 2026-жылы тапкан кирешесин толугу менен республикалык бюджетке котортуп алуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында биринчи окууда кабыл алынды.
Жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров билдиргендей, быйыл тогуз айда Улуттук банктын кирешеси 57 млрд сомду түзгөн. Жыл аягына чейин киреше андан да көбүрөөк болот, болжол менен былтыркы жылдагыдай 60 млрд сомдон ашат.
Эскерте кетсек, былтыр да Улуттук банк бардык кирешесин - 60.7 млрд сомдон ашык акчаны республикалык бюджетке которуп берген.



