Akchabarsearch
    Иш берүүчү кызматкерди жумушчу эмес күнү иштетсе, эки эсе көп акы төлөйт же эс алуу күнүн берет

    Жарыяланган

    2025-08-04, 09:00

    Иш берүүчү кызматкерди жумушчу эмес күнү иштетсе, эки эсе көп акы төлөйт же эс алуу күнүн берет

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1нен 9-майга чейин өлкөдө эс алуу күндөрү болорун жана жумушчу эмес күндөрү иштеген кызматкерлерге кенемте кандай негизде берилерин эске салды.

    Министрлик белгилегендей, 1-4-май жана 6-8-май өлкөдө май каникулдары болсо, 5-майда Конституция күнү, 9-майда Жеңиш күнү майрамдалат. 

    Эмгек кодексине ылайык, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү кызматкерлерди ишке тартууга чектөөлөр каралган. Айрым тармактардын кызматкерлерин ишке тартыга жол берилет:

    1. Өзгөчө кырдаалдарда (авария, жаратылыш кырсыгы ж.б.);

    2. Үзгүлтүксүз иштей турган ишканаларда (мисалы, энергетика, транспорт, коммуналдык кызматтар);

    3. Тейлөө кызматындагылар (медицина, коомдук транспорт, уруксат берилген графиги бар дүкөндөр)

    4. чыгармачыл адамдар, спортчулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү – өзүнчө график боюнча

    Кызматкерди дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү иштетүү үчүн жумуш берүүчү анын кагаз түрүндөгү макулдугун алышы керек. Боюнда бар аялдар менен майыптыгы бар адамдарды медициналык каршы көрсөтмөлөр жок болсо гана ишке чыгарууга болот. 

    Эгер кызматкер дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү иштесе, жумуш берүүчү ар бир иштеген күнүнө эки эсе эмгек акы төлөшү же кошумча эс алуу күнүн бериши керек (кызматкердин макулдугу менен).

    Кызматкердин эмгек өргүү мезгилине туш келген жумушчу эмес майрам күндөр эмгек өргүү күндөрү катары эсептелбейт жана ал үчүн акы төлөнбөйт. Ошондой эле эмгек өргүү мезгилинде канча жумушчу эмес майрам күн болсо, кызматкер ошончо күн кошумча эс алат. Маселен, эгер кызматкер 10-апрелде эмгек өргүүгө чыкса, ал 7-майда эмес, 16-майда аяктайт. Себеби 1нен 9-майга чейин эс алуу күндөрү болуп саналат. 


    Тектеш материалды окуу