Akchabarsearch
Иш берүүчүлөр жумуш орундардын кеминде 4%ын майыптыгы бар адамдарга бериши керек

Жарыяланган

2025-16-12, 16:43

Иш берүүчүлөр жумуш орундардын кеминде 4%ын майыптыгы бар адамдарга бериши керек

2025-жылдын 15-декабрында Эмгек министрлиги жана Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш БУУ менен биргеликте майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого багытталган эки жылдык долбоордун жыйынтыктарын сунуштады.

Долбоор майыптыгы бар адамдар үчүн саясатты күчөтүп, эрте жардам жана инклюзивдүү билим берүү кызматтарын өнүктүрүүгө, статистиканы кеңейтүүгө, кеңештин жана тиешелүү уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана мыйзамдарды БУУнун конвенциясына шайкеш келтирүүгө өбөлгө түздү.

Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаева быйыл "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзам кабыл алынганын белгиледи. 

Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен ашкан компанияларда жумуш берүүчүлөр кеминде 4% жумуш ордун майыптыгы бар адамдарга бериши керек.

2024–2025-жылдары жумуш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 562 майыптыгы бар адам жумушка орношуп, 300дөн ашууну кыска мөөнөттүү кесиптик окууга жөнөтүлгөн.
 


Тектеш материалды окуу