Akchabarsearch
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн акысыз медициналык кызматтар көбөйтүлдү

Жарыяланган

2026-28-10, 13:48

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн акысыз медициналык кызматтар көбөйтүлдү

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын тизмеси кеңейтилди.

Өзгөртүүлөр лабораториялык текшерүүлөргө, медициналык реабилитацияга жана ооруканага жаткыруу шарттарына тиешелүү.

Тактап айтканда, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган майыптыгы бар адамдар үчүн акысыз лабораториялык анализдердин тизмеси көбөйтүлдү.

Мындан тышкары, алар УЗИден жана башка кошумча медициналык текшерүүлөрдөн өтө алышат.

Майыптыгы бар адамдар жылына үч жолу ооруканага акысыз жатып дарылана алышат. Эгер андан көп дарыланууга муктаждык жаралса, жеңилдетилген шарттар каралган.

Ошондой эле мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында айрым физиотерапиялык дарылоо процедуралары акысыз көрсөтүлөт.


Тектеш материалды окуу