
Жарыяланган
2025-15-04, 15:54Финансы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерге чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыялар бериле турганын эске салат.
Маалыматка ылайык, насыялар Баткен облусундагы ишкерлерге 11%, башка облустарда 12% менен берилет. Каржылоо аймактардагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталгандыктан, аталган пайыздык чен менен насыялар Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерге берилбейт.
Суммасы 200 миңден 1 млн сомго чейин болгон насылар 3 айдан 36 айга чейин, 1 миллиондон 5 млн сомго чейинки насыялар 60 айга чейин берилет.
Насыяны алууну каалагандар арыз тапшырып жатканда жарактуу патентке же жеке ишкер катары катталгандыгын тастыктаган күбөлүгү болушу керек.
Кененирээк маалыматты аталган фонддун расмий сайтынан алууга болот.
