
Жарыяланган
2026-06-07, 17:04Кыргызстанда «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ачык акционердик коомунун (ААК) кезексиз жалпы жыйынында фондду микрофинансылык компанияга айландыруу чечими кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, жалгыз акционер — Финансы министрлиги — фонддун ишин жаңыртып, аны өнүктүрүүнүн жаңы багыты катары ушул өзгөрүүнү белгиледи.
Микрофинансылык компанияга айлангандан кийин фонддун мүмкүнчүлүктөрү кеңейет:
· ири көлөмдө каржылоо жүргүзүү;
· кошумча каржы булактарын тартуу;
· валюталык операцияларды жүргүзүү;
· калктан депозит кабыл алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ошондой эле ишкерлерге берилүүчү насыянын көлөмү да өсөт. Учурда 5 млн сомго чейин кредит берилсе, келечекте бул сумма 9 млн сомго чейин жетиши мүмкүн.
Мындан тышкары, фонд жаңы кредиттик продукттарды иштеп чыгып, баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу фондулук рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорду тартууга шарт түзөт.
Финансы министрлиги ошондой эле фондго ислам каржылоо моделин киргизүү жана кызматтарды санариптештирүүнү улантуу тапшырмасын берди. Бул кардарлар үчүн шарттарды жеңилдетип, насыя алуу процессин тездетүүгө багытталган.
Жалпысынан, өзгөрүү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чакан жана орто бизнеске жеткиликтүү каржылоону кеңейтүү максатын көздөйт.

