
Жарыяланган
2026-16-06, 09:54Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Коо айылында суу менен камсыздоо системасын курууга 157.6 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн тендерди Мамлекеттик ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулар объекттерин куруу башкармалыгы жарыялады.
Тендердин шарттарына ылайык, катышуучулар акыркы жылдары ушуга окшош долбоорду аткарган тажрыйбасын тастыкташы керек. Ошондой эле суу менен камсыздоо тармагындагы инженерлер, сметачылар жана башка адистер, ошондой эле керектүү курулуш техникалары болушу зарыл.
Долбоор боюнча подрядчыга келишимдин суммасынын 10% өлчөмүндө аванс каралып, калган 90% каражат иштер кабыл алынгандан кийин төлөнөт.
Тендердик сунуштарды кабыл алуу 1-июлга чейин уланат. Курулуш аяктагандан кийин аткарылган иштерге эки жыл, ал эми техника жана механизмдерге 2.5 жыл кепилдик мөөнөтү берилет.



