
Жарыяланган
2026-28-08, 18:00Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки жаран жасалма диплом менен инспектор болуп иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, алар жумушка орношууда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн.
Текшерүүдө аталган жарандар бул окуу жайларда окубаганы жана көрсөткөн дипломдорунун жасалма экени тастыкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

