
Жарыяланган
2026-01-07, 13:15Бишкекте өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, жасалма документ аркылуу адамдарды алдап акча алып жүргөн жаран кармалды.
ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү өзүн Патрулдук милициянын кызматкеримин деп тааныштырып, унааны айып короодон чыгарып берем деген шылтоо менен К.У.С аттуу жарандан 60 миң сом алган. Ал акчанын ордуна жасалма документ берип, ишенимге кирип алдап кеткен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Ал мурда соттолгон 1992-жылы туулган К.У.М аттуу жаран экени белгилүү болду.
Тинтүү учурунда анын үйүнөн айып короодон унаа чыгарууга байланыштуу жасалма бланктар жана документтер табылган.
Учурда тергөө иштери уланып, анын башка ушундай иштерге тиешеси бар-жогу такталууда.
