Жарыяланган
2025-01-08, 18:07Бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунагы Туз-Көл — Өрдөк-Учар тилкесинде жейрендер жапайы жаратылышка кое берилди. Бул тууралуу Жаралытыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдары атайын долбоордун алкагында Өзбекстандан өлкөгө 25 баш жейрен алып келинген. Бүгүнкү күндө алардын саны 70ке жетти.
Алардын ичинен 30 баш жейрен бүгүн эркиндикке коё берилди. Калган жейрендерди келерки жылы облустун башка ыңгайлуу, шарты туура келген жерлерине кое берүү пландалууда.