Akchabarsearch
    Касымалиев: Курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8%дан ашып

    Жарыяланган

    2025-01-08, 17:11

    Касымалиев: Курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8%дан ашып

    Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өлкөнүн курулуш тармагынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

    Куттуктоо сөзүн сүйлөгөн өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө курулуш тармагынын орду чоң экенин белгилеп, курулушчулардын аракети менен заманбап үйлөр, ыңгайлуу мектептер, заманбап техникалар менен жабдылган ооруканалар жана башка маанилүү социалдык объектилер курулуп, инфраструктура жакшырып, жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтты. 

    Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле акыркы жылдарда курулуш тармагында олуттуу жетишкендиктер болгонун сөз кылды. 

    "2024-жылы курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8%дан ашып, экономиканын бардык тармактарынын ичинен 4-орунду ээледи. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция салды – бул рекорддук сумма. Акыркы 5 жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушун бүттү. 2024-жылы тармактын өсүшү 31,1%ды түздү. Бул – КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуштун өсүү темпи 142,5% түздү", - деди Касымалиев.


    Тектеш материалды окуу