
Жарыяланган
2026-27-07, 15:47Ысык-Көлдө акча алмаштырып иштеген эки жаранга 35 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалым болгондой, аталган эки жаран (К.Э.Т. жана Н.Н.Р.) чет элдик валютаны алмаштырып иштер жүргөнү менен Улуттук банктан тиешелүү лицензия алган эмес.
Ага байланыштуу аларга 17.5 миң сомдон, жалпы 35 миң сом айып салынган.



