Ысык-Көлдө дээрлик 100 жыл мурда жок болгон жейрендерди кайтаруу иштери жүрүүдө
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагындагы жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жейренди Ысык-Көлдүн аймагына кайтаруу боюнча «Жейрен-Ордо» долбоорунун үстүндө «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы иш алып барууда.
Коруктун уюштуруучулары билдиргендей, Ысык-Көлдүн түштүк жээги жейрендер үчүн ылайыктуу жаратылыш шарттары бар аймак болуп саналат. Бул жерде жейрендин популяциясын калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу бар. Ал – реинтродукция, башкача айтканда жаныбарларды башка аймактардан алып келүү.
Башка жактан алынып келген жейрендер дароо эле жаратылышка кое берилбейт. Алгач алар ыңгайлашып-көнүүсү жана көбөйтүү үчүн жарым-жартылай эркин шарттарда кармалат. Андан кийин эркиндикке чыгарылат.
Учурдаборбордо 43 баш жейрен багылып жатат. Жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалууда. Быйылкы жылы 25 башы: биринчи 12 эркек, ал эми адаптациялангандан кийин 13 ургаачы жейрен улактары менен кое берилет.
Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баш жейренди эркиндикке чыгарууну пландаштырууда. Эгер аларга аңчылык кылгандар болбой, андайларга бөгөт коюлса, 10 жыл ичинде жейрендердин саны 500гө чейин жетет.
«Жейрен-Ордо» долбоору тууралуу маалымат уккан Садыр Жапаров кыргызстандыктарга, өзгөчө Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин биргелешип колдоого чакырды. Анын айтымында, бул жаныбарлар дээрлик 100 жылдан кийин Ысык-Көлдүн жээгине кайтарылып жатат.
«Президент 1930-жылдарга чейин жейрендер Тоң районунда кеңири жайылып, кийин бир катар себептерден улам дээрлик жок болуп кеткендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, анын популяциясын калыбына келтирүүгө болот - бул үчүн табиятка чыгарылган жаныбарлардын адаптациясына тоскоолдук кылбоо жетиштүү», - деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагындагы жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.