Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-17-10, 16:08

Ысык-Көлдө таштанды сорттоочу заводдор курулат

Ысык-Көлдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында таштанды сорттоочу заводдор курулат.

Долбоор “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртууга, калктын жашоосу жана саламаттыгы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле жеке инвестицияларды тартууга жана облус инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Таштандыларды сорттоочу ишканалар Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында курулат.


Тектеш материалды окуу