
Жарыяланган
2026-15-05, 10:22Чүй облусунда балдар жалаяктарын жана башка гигиеналык каражаттарды чыгарган Кыргызстандагы алгачкы завод ишке кирди. Бул тууралуу "Кепилдик" фонду билдирди.
Жаңы өндүрүш «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында ачылып, аны «Бренд КГ» компаниясы ишке ашырды.
Долбоордун ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, «Кепилдик фонд» ААКсынын төрагасы Малик Абакиров жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү катышты.
Ишкананын ачылышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана кыргызстандык продукцияны экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.
Маалыматка ылайык, компаниянын негиздөөчүсү буга чейин да «Кепилдик фонддун» колдоосу менен өсүмдүк майын өндүрүү долбоорун ишке ашырган.


