Akchabarsearch
Чүйдө жылына 144 миң чарчы метрден ашык айнек продукциясын чыгаруучу завод ачылды

Жарыяланган

2026-30-10, 16:48

Чүйдө жылына 144 миң чарчы метрден ашык айнек продукциясын чыгаруучу завод ачылды

Чүй облусунун Новопокровка айылында 12-сентябрда «ГЛАСС ЦЕНТР» заводу ачылган. AKFA компаниялар тобуна таандык ишкана жылына 144 миң чарчы метрден ашык айнек продукциясын чыгарууга ылайыкталган. Заводдо 300 жумуш орду каралган.

Ишкананын жалпы аянты 5 миң 94 чарчы метрди түзөт. Анын иши менен президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров жана журналисттер таанышты.

Сабировдун айтымында, заводго заманбап жабдуулар орнотулган. Ал ишкана келечекте өндүрүшүн кеңейтип, дагы жаңы жумуш орундарын түзөт деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле Сабиров Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес-форумунда айнек заводун ачуу боюнча макулдашууга кол коюлганын айтты. Мындай биргелешкен долбоорлорду Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду колдойт.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1.2 млрд доллардан 2 млрд долларга жеткирүү максатын коюшкан.

Сабиров мамлекет инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Ал эми завод учурда канча продукция чыгарып жатканы жана анын канча бөлүгү Кыргызстандын ички рыногуна сатыла турганы тууралуу маалымат берилген жок.


Тектеш материалды окуу