Akchabarsearch
Токмокто автоунаа заводун куруу долбоору талкууланды

Жарыяланган

2026-03-03, 16:55

Токмокто автоунаа заводун куруу долбоору талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Касымалиевге бир катар инвестициялык долбоорлор тууралуу презентация берилди. 

Инвестициялык фонддун өкүлдөрү Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриалдык паркты куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. 

Мындан тышкары, Бишкекке жакын аймакта индустриалдык парк түзүү демилгелери, электр кубаттоо инфраструктурасынын тармагын түзүү, Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо боюнча долбоорлор сунушталды. 

Тараптар бир катар долбоорлор боюнча мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. 

Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.


Тектеш материалды окуу